• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК төрагасы: Билими тууралуу дипломдорду текшерүү бардык мамлекеттик органдарда жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 23.01.22. /Кабар/. Жогорку билими тууралуу дипломдорду текшерүү бардык мамлекеттик органдарда жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен УКМК бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын бар-жогу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзөт.

“Эгерде жасалма документтерди тапсак, аларды жоопко тартабыз. Андан тышкары, сот аркылуу ошол адам тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын баарын өндүрүүгө аракет кылабыз. Ошондой эле биз Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы текшеребиз. 1995-жылдан тартып жасалма дипломдорду берүү күч алган. Тилекке каршы, жасалма диплом колдонгон чиновниктер болгон жана азыр дагы болушу мүмкүн. Биз арабызды мындай билимсиз кадрлардан тазалашыбыз керек”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий