• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Камчыбек Ташиев саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “Жаңы жүздөр” басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаевага саясий серепчи Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу комментарий берди.

Ташиев билдиргендей, Марат Казакпаев 2019-жыл эле улуттук коопсуздук органдарынын көзүнө илинген. Ушуга байланыштуу 2019-жылы 23-сентябрда УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 307-беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

“Башкача айтканда, кылмыш иши биз бийликке келгенге чейин эле козголгон. Андан ары 2021-жылга чейин кылмыш ишинин алкагында Казакпаевдин аталган кылмыш ишине катыштыгын далилдөөчү маалыматтарды алууга багытталган ыкчам-иликтөө, техникалык иш-чаралар, андан тышкары тергөө аракеттери жүргүзүлгөн. Андан кийин гана төгүндөлгүс далилдердин негизинде 2021-жылы 13-апрелде Казакпаев УКМК органдарына чакырылган”, - деди Ташиев.

Анын айтымында, 2022-жылдын 1-мартынан тартып Казакпаевдин өзүнүн жана жактоочусунун билдирүүсү боюнча күнөөсүн моюнуна алуу жөнүндө келишим түзүлүп, ал Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан бекитилген. Ал эми 2022-жылы 10-мартта Казакпаевге карата кылмыш иши тергелип бүтүп, учурда ал жайгашкан Биринчи май райондук сотуна маңызы боюнча кароого жөнөтүлгөн.

Муну менен катар УКМКнын төрагасы соттук отурумдар Казакпаевдин жактоочусунун демилгеси менен дайыма артка жылдырылып келгенин белгиледи. Ал ошондой эле кылмыш ишинде “Өтө жашыруун” деген белги коюлгандыктан, тергөөнүн чоо-жайын айта албасын билдирди.

Ташиев абакта отурган учурда Казакпаевге кызматтын дарыгерлери тарабынан бир канча ирет текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү дары-дармектер менен камсыз болуп турганын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий