• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

УКМК башчысы Орозбек Опумбаев кызматтан кетүү боюнча ниетин президентке билдирген

Коом 0

Бишкек, 08.08.19. /Кабар/. УКМК башчысы Орозбек Опумбаев кызматтан кетүү боюнча ниетин президентке билдирген. Бул тууралуу ал Кой-Таштагы кырдаалды кароо үчүн чогулган депутаттардын Жогорку Кеңештеги кезексиз отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

УКМКнын башчысы бүгүн өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда президентке кызматтан кетүү ниетин айтканын белгиледи.

"Бүгүн Коопсуздук кеңешинин отурумунда президентке кызматтан кетким келип жатканын айттым. Менин күнөөм бар, мойнума алам", - деди ал.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышууда.

Жыйынга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев, андан кийин президент Сооронбай Жээнбеков келди.

Пикир

Оставить комментарий