• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК башчысы Ташиев Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

Коом 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалыматты “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Ташиев сурактан кийин ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча суракка чакырылганын билдирди.

“Тергөө кандай жүрүп жатканын билбейм, бирок мен билгендеримди айтып бердим. Мунун бары мамлекеттик комиссиянын отчетторунда негизги күнөө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жүктөлгөн. Түштүктө өз бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү сепаратисттерди колдошкон. Натыйжада жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар жарадар болуп, мамлекетке зыян келтирилген”, - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий