• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК башчысы тергөө абагында эки адамдын өлүмүн иликтөө боюнча комиссияга жардам берүүгө даяр

Коом 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кечээ, 20-июнда президенттин администрациясында жана министрлер кабинетинин имаратында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында каза болгон саясий серепчи Марат Казакпаев жана “Айыл банк” ААКтын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асановдун өлүмүн иликтөө боюнча комиссиянын жыйыны өттү.

Ага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев дагы катышып, жыйындан кийин “Азаттыктын” болгон окуялар боюнча моралдык жоопкерчилигиңизди сезесизби жана тергөө убагында ал кызматынан четтетилип туруш керек деген сөздөргө кандай жооп бересиз деген суроосуна жооп берген.

“Президент тарабынан комиссия түзүлдү, биз дагы ички иликтөө жүргүзүп жатабыз, Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Мен жооптуу кызматта турганым үчүн мени убактылуу кызматтан четтетүү мүмкүн эмес. Мындай окуялар мурда дагы болуп келген, келечекте дагы болбой койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мен ар бир адам үчун моралдык жоопкерчиликти сезем. Комиссиянын жыйынында иликтөө жүргүзүү учурунда аларга шарт түзүп берүү өтүнүчү болду, мен комиссияга камералардын ичине чейин, бардык документтер менен тааныштырууда мумкүнчүлүктү түзүп берем деп айттым”, - деди Ташиев.

Белгилей кетсек, 18-июнда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактыларын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлгөн. Комиссияны министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт.

18-июнга караган түнү УКМКнын тергөө абагында “Айыл банк” ААКтын жетекчисинин мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев каза болгон. Атайын кызматтан ал өз өмүрүн кыйгандыгын билдирген. Бирок, каза болгон Асанбаевдин жакындары сөөктү текшерүүгө алганда анын колунда жана бутунда зомбулуктун белгилери болгонун жана ал өзүнүн жанын кыйган деген версияга ишенбей турганын айтышууда. Мындан тышкары, Бакыт Асанбаевдин кабыргалары дагы сынган.

Мамлекеттик чыккынчылык кылууга шектелип бир жылдан ашык убакыттан бери УКМКнын тергөө абагында отурган саясий серепчи Марат Казакпаев ооруканага которулгандан бир күн өткөндөн икийн 10-июнда каза болгон. Ооруканада аны дароо дем алдыруучу аппаратка кошушканына карабай ал каза болуп калган. Ага “гемморрагиялык инсульт” диагнозу коюлган.

Пикир

Оставить комментарий