• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-апрелде КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен райондук сотунун сакциясына ылайык, Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана УКМКнын чек ара кызматкерлери тарабынан Лейлек районунда жайгашкан “Партнер Нефть” май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлдү.

Кампанын аймагына тинтүү иштеринин жүрүшүндө «Opel Zafira» үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.

Кармалган унаа КР УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өткөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий