• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Баткенде мыйзамсыз ташылып келген 3 тонна лимон кармалды

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Баткен облусунда аткезчилик жүк кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-апрелде УКМК тарабынан Кыргызстандын чек ара аймактарындагы аткезчилик каналдарына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, Баткен облусунун Лейлек районунда мөмө-жемиштердин контрабандалык жүктөрү салынган унаа кармалды.

Такталгаyдай, жалпы көлөмү 3 тоннаны түзгөн лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар, өлкө аймагына сатуу үчүн тиешелүү коштоочу документтерисиз коңшу республикадан мыйзамсыз келген.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий