• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Баткенде 850 миң сомдон ашуун контрабандалык жүк кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. Баткенде контрабандалык жүк кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Баткен бажысынын жардамы менен аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

2021-жылдын 30-мартында Баткен районунун Миң-Булак айылында коңшу мамлекеттен контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.

Такталгандай, кошуна өлкөлөрдөн коштомо документтерисиз алынып келинген жалпы көлөмү 2 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар жана 54 миң даана тооктун жумурткалары кармалды. Кармалган жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 852 миң сомго бааланууда.

Учурда Баткен бажы органдары тарабынан кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий