• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Баткен облусунда аткезчилик жүк аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргызстандын аймагында контрабандалык ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында контрабандалык жүктөр токтотулду.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 15-майында УКМК жана анын Чек ара кызматы тарабынан Кадамжай районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын бейтарап аймагынан КР П.А.Ш. аттуу жаранынын башкаруусундагы Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа 325 унаа дөңгөлөктөрү менен кармалган.

Соода-өнөр жай палатасынын адисинин эксперттик корутундусуна ылайык, кармалган контрабандалык товардын жалпы суммасы 520 миң сомду түзөт.

Жогорудагылардын негизинде КР УКМК 26-май күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси ("Экономикалык контрабанда") менен кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда керектүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий