• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Баткенде «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 6 лидери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Баткен облусунда диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, лидерлери кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 7-октябрында УКМК тарабынан КР Жазык кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, «Хизб-ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмдун 6 лидери кармалды:

К.А.К. 1974-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «минтака-масул» ДЭУ (лидери);

К.С.С. 1975-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

Н.Ж.М. 1976-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «накиб-джихоза» ДЭУ (ячейканын жетекчиси);

А.у.А. 1991-жылы туулган, Тажикстандын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (группанын жетекчиси);

Э.Н.Т. 1995-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «мушрив-халки» ДЭУ (тобунун жетекчиси).

М.З.Я. 1993-жылы туулган Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Кызыл-Кыя шаарындагы «казыначы» ДЭУ (ячейканын финансылык маселелери үчүн жооптуу).

Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн диний сабактарды өткөрүшкөнү жана 50дөн ашык Кызыл-Кыя шаарынын тургундарынан турган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн "жыйынын" ай сайын уюштуруп турганы аныкталган.

Алардын жашаган жерлеринде жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында, экстремисттик маанайдагы адабияттар (36 даана китеп, 20 даана китепчелер, 25 даана баракчалар, 13 даана дептерлер, 15 даана уюлдук телефон, 15 даана электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар, 1 даана ноутбук) табылып алынган.

Кармалган жарандар Кадамжай РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, алардын кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча тергөө аракеттери жана ыкчам-изилдөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий