• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан 3 тоннадан ашык лимон кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Үч тоннадан ашык лимон контрабандасы кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, "Баткен" бажысынын кызматкерлери менен биргеликте “С.Н.” аттуу адамдын башкаруусунда бара жаткан "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасы кармалган.

Унааны текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 тоннадан ашык болгон лимон түрүндөгү контрабандалык продукция табылган.

Такталган маалымат боюнча, аталган контрабандалык жүк Кыргыз Республикасынын аймагына коңшу республикадан белгиленбеген өткөрүү пункттарынан киргендиги аныкталды.

Коштоочу документтердин жоктугуна байланыштуу, кармалган контрабандалык жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө максатында унаа “Баткен” бажы терминалына киргизилди.

Чогултулган материалдар “Баткен” базысынын маалымат жөнүндөгү журналына катталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий