• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Базар-Коргондо айылдык кеңештин мурдагы депутаты 5 жылга эркинен ажыратылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин мурдагы депутатына баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда маалымдалгандай, КР УКМК 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында «Ислам Халифатын» орнотуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келген ойлорун айткан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 1-бөлүгү жана 313-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кылмыш жасаган деген айып менен 2020-жылдын ноябрь айында «М.А.Т.» аттуу жаранды кармаган.

Белгилүү болгондой, «М.А.Т.» кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, «Солдат» каймана аты бар «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарды ээлөөбөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

Пикир

Оставить комментарий