• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК Бишкек мэриясы 4,15 га жерди эмненин негизинде атайын кызматка өткөрүп бергенин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарынын мэриясынын 4,15 гектар жерди кийинки колдонууга УКМКнын кызматкерлерине жана пенсионерлерине берүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жогоруда аталган жерлер мурда КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-апрелиндеги №313 токтому менен КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине мөөнөтсүз пайдаланууга берилген, ошондой эле СССР мезгилинен бери ал жерлер Кыргыз ССРнин Мамлекеттик коопсуздук комитетине (КГБ) таандык болгон, андан кийин жеке турак жай курууга муктаж пенсионерлер менен аскер кызматчыларына бөлүштүрүлгөн.

Азыркы учурда “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР Мыйзамына ылайык, бул жерлер тийиштүү ченемдерге ылайыкташтырылууда.

Пикир

Оставить комментарий