• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Бишкек шаардык Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.22./Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМК КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалаппара алуу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүүреестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүналкагында 85 миң сом өлчөмүндө пара алып жатканучурда Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д.Б., кармалды.

Биринчи май РИИБнин тергөөчүсү соткочейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 2000 АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыгы боюнча УКМКга М.Г.В., аттуу жаран кайрылган.

Кармалган А.Д.Б., КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий