• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК: Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.04.18. /Кабар/. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Билдирүүгө ылайык, 2018-жылдын 2-апрелинде КР УКМК тарабынан Бишкек ЖЭБдин, “Электр станциялары” ААКнын, “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын айрым кызматкерлерине КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан 2018-жылдын 30-январында Бишкек ЖЭБдеги авария фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

УКМКдан билдиришкендей, кылмыш ишинин алкагында КР КК 221-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Бишкек ЖЭБин модернизациялоо тобунун аткаруучу директору Т.Н. Бримкулов кармалган.

Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий