• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: "Бишкексветтин" жана Бишкек мэриясынын айрым адистери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Бишкексвет” муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактылары аныкталган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы шаарды жаңы жылга карата кооздоо боюнча тиешелүү сынак өткөрбөстөн туруп, мэриянын жана Бишкексветтин кызматкерлери “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамды бузуу менен мыйзамсыз "GrandPRO" компаниясы менен 2 млн. 19 миң сомго келишим түзгөн.

Андан тышкары "GrandPRO" компаниясына “Бишкексвет” ишканасынын кызматкерлери аткарган жумуш үчүн мыйзамсыз 2 млн. 19 миң сом төлөнүп берилген.

Аткарылган иштердин актысы боюнча шаймандардын жана сарпталган материалдардын баасы 13 млн. 258 миң 500 сомду түзгөн. Ал эми "GrandPRO" компаниясынын бажы декларациясы боюнча алардын баасы 7 млн. 427 миң 900 сомду түзгөн. Алардын баасын негизсиз көбөйтүү 5 млн. 830 миң 600 сомду түзгөн.

Ошентип, мамлекетке 7 млн. 849 миң 600 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Аталган ведомстволордун тиешелүү кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий