• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Бишкекте терроризмге каршы күрөшүүгө арналган конференция өттү

Коом 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. 2019-жылдын 22-25-октябрында Кыргыз Республикасынын УКМК ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн “Барымтага алган учурда террористтер менен сүйлөшүүлөрдү уюштуруу” темасында конференция өткөрүлдү.

Аталган иш-чарада Россия Федерациясынын ИИМ кызматкерлеринин квалификациялык жогорулатуу Бүткүл Россия Интститунун жана РФ ИИМ Краснодар Универститенин адистери катышышты.

Үч күндүк окуунун жүрүшүндө катышуучулар эл аралык терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы тажрыйба алмашып жана билим жогорулатышты. Конференция иштиктүү өттү", - деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий