• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Бишкектеги №61 мектептин директору коррупцияга шектелип, камакка алынды

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Б.Якир атындагы №61 автордук физика-математика мектеп-лицейинин директору Н.Ю.Н.га коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Комитеттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.Ю.Н. тарабынан ата-энелерден мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын сыйлык катары алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүп алганы аныкталган.

Тактап айтканда, Н.Ю.Н. тарабынан балдарды мектептин биринчи классына жана мектепке чейинки билим берүү мекемесине киргизүүдө көрсөткөн жардамы үчүн, бир нече жолу акча каражаттарын алуу фактылары аныкталган.

Ошентип, Н.Ю.Н. системалуу түрдө пара алып, ошондой эле окуучулардын ата-энелеринен акча талап кылган.

Н.Ю.Н. өз мүлкүн жашыруу максатында жакындарына жана ишенимдүү адамдарына мыйзамсыз түрдө мүлктөрдү каттаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын жана анын жакын туугандарынын менчигинде 35тен ашык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр аныкталып, алар – жер тилкелери, коттедждер, дүкөндөр, унаалар, үйлөр жана батирлер бар экендиги такталып, болжолдуу баасы 150 миллион сомго жакын экендиги аныкталган.

Ошондой эле жеке кызматтык кеңсесинде, жашаган жери боюнча батирде жана дачасын тинтүү учурунда, чет элдик валютадагы ири суммадагы акчалар, ошондой эле жогоруда аталган мүлккө укук белгилөөчү документтер табылган.

Маалымат үчүн: Н.Ю.Н. билим берүү системасында (директор) болуп 1991-жылдан азыркыга чейин иштеп келген.

Учурда "Н.Ю.Н." КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде камакка алынып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий