• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Бишкектин экс-вице-мэри Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төктү

Коом 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиев мыйзамсыз баюунун алкагында 30 миллион сом зыяндын ордун толуктады. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМК бийликтин эң жогорку эшелону болгон адамдар тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 20 жылдан ашык иштеп, жакын туугандарына жана филиалдарына катталган декларацияланбаган ири өлчөмдөгү мүлктүн ээси, Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Уланбек Азыгалиевге байланыштуу маалыматтар алынып такталды.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө У. Азыгалиев мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду.

Ошол эле учурда, тергөөнүн жүрүшүндө салыктык текшерүү дайындалып, келтирилген зыяндын так көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий