• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: БУМду “миналаган” телефондук "террорист" кармалды

Коом 0

Бишкек, 21.08.17. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети БУМда (ЦУМ) бомба бар экенин кабарлаган “телефондук” “террорчуну” кармады.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал 1973-жылы туулган «С.Т.» аттуу КРнын жараны болуп чыккан.

Учурда кармалган шектүүгө карата бардык материалдар чогултулуп, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 20-августунда болжол менен саат 12:30 чамасында Бишкек ШИИБнын «102» күзөт бөлүмүнө белгисиз эркек киши чалып, БУМда мина коюлгандыгы тууралуу маалымат калтырган.

Имаратты текшерүү учурунда эч кандай жарылуучу зат табылган эмес.

Кармалган жаран мындай кадамга эмне үчүн баргандыгы тууралуу азырынча УКМКдан эч кандай маалымат берилген жок.

Пикир

Оставить комментарий