• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Чүйдө кара түстөгү желектери менен үч автоунаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.08.18 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Чүй облусунда кара желектери менен үч автоунааны кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, аталган унаалардын ээлери “CERBERAVTOCLUB” автоборборунун мүчөлөрү болгон. Алар Беловодскидеги психоневрологиялык балдар үй-интернатына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү максатында Москва районуна бара жатышкан.

УКМКнын кызматкерлери аталган автоунаалардын айдоочулары менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдун желегине окшош атрибутиканы колдонууга уруксат жок экендигин айтышкан.

Учурда аталган факт боюнча материалдар Ички иштер министрлигине тиешелүү чаралардын көрүлүшү үчүн өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий