• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Чек ара кызматкеринин жарандын акчасын алып коюушу боюнча териштирүү иши башталды

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. КР УКМКнын Чек ара кызматы 15-ноябрда интернет айдыңдарында “Чек ара кызматынын чек арачылары курулуш материалдарын алып кетип жаткан жарандын акчасын алып койду” деген маалыматты текшерип жаткандыгын маалымдайт.

Маалыматка ылайык, жарандардан опузалап акча каражатын алгандыгы боюнча Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлеринин тиешеси бар-жогу боюнча териштирүү иштери башталды.

“Бүгүн автоунаада болгон КамАЗдын айдоочусу жана куруучуну Баткен облусунун Жаңы-Бак жерлигинде кызмат өтөгөн “Самаркандык” чек ара заставасынын өздүк курамы менен бетме-бет кезигүүсү орун алат”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын Чек ара кызматынын аскеринин мыйзамсыз иш аракеттерге тиешеси бар экени тастыкталса териштирүүнүн материалдары Аскер прокуратурасына мыйзамдын негизинде аскер кызматкердин жоопкерчилигин кароо үчүн берилет.

УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери тарабынан коррупциялык көрүнүштөргө жана башка укук бузууларга дуушар болгон жарандар 0 (312)-54-43-06 Чек ара кызматынын ишеним телефонуна же pressagpskg@gmail.com электрондук дарегине кайрылууларды, билдирүүлөрдү жана арыздарды калтырса болот экендигин эскертип кетет.

Пикир

Оставить комментарий