• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. КР Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМК ККК кызматкерине берип жаткан учурунда КР Мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган капитан Ж.у.Н. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган жаран коңшу өлкөлөрдөн келген аткезчилик жүктөрдү өткөрмө посттордон мыйзамсыз өтүүсүнө аталган чек ара заставасынын аскер кызматкерлерине карата чараларды көрбөө үчүн акча каражатын сунуш кылган.

Бул факт боюнча Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча сотко чейинки иштер козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий