• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Чек арадагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан чыкты. "Головной" — КРнын стратегиялык объектиси

Аймак 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы 28-апрелдеги чек арадагы чыр тажик тараптын чагымчылдыгынан чыкты жана тажик тарап кырдаалды курчутууну улантууда деп билдирет.

КР УКМКнын Чек ара кызматынан баса белгилешкендей, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайы Кыргызстандын стратегиялык объектиси жана Кыргызстандын аймагында жайгашкан.

“Тажикстандын УКМКнын чек ара аскерлеринин жетекчилиги “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайдын курулушу Кыргыз ССРи тарабынан жүргүзүлгөндүгү жөнүндө тарыхый фактыларды билбегендиги таң калыштуу. Тарыхый фактыларды атайылап бурмалап, тажик тараптын чек ара аскерлери калкты кандуу иш аракеттерге түртүп, көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүнү каалабагандыгын көрсөтүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган жарандар жана ар кандай жараат алган жарандар үчүн бардык жоопкерчилик Тажикстан УКМКсынын чек ара аскерлерине жүктөлөт. Алардын жетекчилиги чек арадагы кырдаалды турукташтыруу чараларын колдонуудан качууда.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы тажик кесиптештерин чек арада келип чыккан көйгөйлүү маселелерди эл аралык укуктун жана жетишилген эки тараптуу келишимдердин алкагында сүйлөшүү столунда чечүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий