• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Чет элдик студенттерден пара алып жүргөн окуу жайдын кызмат адамдары аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалынан пара алуу схема аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Пара алуу") кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ж. Баласагын атындагы КУУнин Ош филиалынын айрым кызмат адамдары пара алууга катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессияга жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат алуу үчүн чет элдик студенттерден пара алууга схема түзүп алышкан, муну менен эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракетерге тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий