• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Чет элдин жараны пара берип жаткан жеринен кармалды

Коом 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Чет элдин жараны пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

УКМКдан билдиришкендей, 19-декабрь күнү УКМКнын Коррупция каршы кызматы тарабынан Кылмыш кодексинин "Пара берүү" беренеси боюнча ачылган иштин алкагында 15 миң доллар акча каражатын берип жаткан жеринен "Д.Ч." чет элдик компаниясынын өкүлү кармалган.

"Акча каражаттары оң чечим чыгарып бериши үчүн жер казыналары тармагында көзөмөлдөөчү милдеттерди аткарган кызмат адамына берилип жаткан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий