• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Дүйшөнбек Зилалиев тараткан маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тараткан маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Буга чейин Зилалиев УКМК кызматкерлери ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштаганын билдирген.

"Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда Зилалиевга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат. Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткан", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

"Зилалиев буга чейин дагы коомчулуктун көңүлүн башка темага буруу максатында ушу сыяктуу билдирүүлөрдү жасап келген. УКМК анын билдирүүсүн жоопкерчиликтен качуу максатында бул маселени саясий өңүткө бурууга аракет кылып жаткандыгы катары баалайт", - деп айтылат.

Эске салсак, Зилалиевге каршы Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алган.

Пикир

Оставить комментарий