• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Дагы бир жалган террорист кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы бир жалган террорист кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 24-февралында “Инстаграм” социалдык тармагынын «_roma7unuzow» аттуу колдонуучусу “Шаардык универсалдык дүкөндө саат 17:30да террористтик актысы болот. Жанкечти даяр, анын ата-энесине 2 млн АКШ доллары төлөндү” деп News.kg маалымат порталынын жаңылыгынын алдына комментарий калтырган.

Бул факт боюнча материалдар КР кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-б. (Терроризм актысы, башкача айтканда адамдарга өлүм коркунучун жаратуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ыкчам тергөө иштеринин жыйынтыгында колдонуучу КР жараны, Чүй областынын тургуну, 2002 жылы туулган Юнузов Р. экендиги аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Юнузов Р. кармалып, КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына алынып келинген.

Сурактын жүрүшүндө ал жасаган ишине өкүнүп, бейбаштыктан улам жазгандыгын билдирди.

Террористтик акт тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

КР УКМК эскерткендей, бейбаштыктан улам, өзүнүн иш-аракеттеринин олуттуулугун сезбестен, террористтик актысы тууралуу билип туруп жалган маалымат таратуу менен коомдо коркунуч туудуруп, өлкөнүн тургундары жана конокторуна ыңгайсыздык жаралып, бир кыйла күч, каражаттар жана убакытка чыгым кылууда.

Аны менен катар мекемелердин жана транспорттун иштөө убактысы бузулууда. Мындан тышкары, мындай жалган билдирүүлөрдү текшерүүдө укук коргоо органдарын реалдуу террористтик акт коркунучунан алаксытуу ыктымалдыгы бар. Мындай иш-аракеттер кылмыш катары саналат.

Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий