• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: “Дастан” УАКсынын кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарга ээлик кылуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. “Дастан” УАК ААКсынын жана анын “Улан” ААКсы туунду ишканасынын кызмат адамдары тарабынан чет өлкөнүн буйрутмасы менен атайын жабдыкты сатып алуу боюнча калп келишимин түзүү жолу менен бюджеттик каражаттарга ээлик кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын май айында “Дастан” УАК ААКсы бир чет мамлекет менен 3 млн долларга келишим түзүп, аталган корпорациянын жетекчилиги “Улан” ААК туунду ишканасы менен кызмат көрсөтүү тууралуу келишим түзүү жолу менен ал акчанын 695 миң долларына ээлик кылган.

“Аталган акча каражаттарына ээлик кылуу максатында “Улан” ААКсынын жетекчилиги ЖЧКлардын бири менен 54 млн сомго атайын жабдык алуу боюнча калп келишим түзүп, кийин ал каражатка “Улан” ААКсынын жетекчиси Ж.Р.Ж. ээлик кылып алган”, - деп билдирет УКМК.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин материалдары Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (Ишенип берилген мүлккө ээлик кылуу же коротуу) каттоого алынган.

Тергөө иштеринин жыйындыгында “Улан” ААКсынын директору Ж.Р.Ж. Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий