• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Депутат Шадиевдин мыйзамсыз чек араны кесип өтүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. 2018-жылдын 25-июнунда КР Башкы прокурору тарабынан депутат А.Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ЖК депутаты Аскар Шадиев болжолдуу маалымат боюнча Нью-Йорк шаарында жүрөт.

УКМКнын маалыматына ылайык, 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын жаназасына барып, андан соң Лейлек районундагы Арка айылынын аймагында Тажикстандын чек арасын мыйзамсыз (суу кечип) кесип өткөн.

28-апрелде кылмыш иши козголгондон кийин, Шадиев Худжант-Москва (Домодедово) каттамы боюнча учуп кеткен. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:20да Кыргызстандын дипломаттык паспортун колдонуп Нью-Йоркко (АКШ) учкан.

Жакын туугандарынын айтымында, Шадиев дарылануу үчүн учуп кеткен жана бир-эки жуманын ичинде келиши керек болчу. Бирок Шадиев тергөө органдарынан жашынууда.

УКМКдан кошумчалашкандай, Аскар Шадиевге издөө жарыяланган. 31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен ага карата баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий