• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК депутат Жамгырчиевдин үйүнөн жазуу жабдыктарынын табылышы боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. УКМК тарабынан 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Жанар Акаевде депутат Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуу жабдыктары качан табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды.

Мындан тышкары, Акаев жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан. Өз кезегинде Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Жамгырчиевден алган.

Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз.

УКМК аталган аудио-видео жазуу жабдуулардын табылышы жана аны ким эмне себептен орнотконун аныктоого, Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий