• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Депутаттын Баткенден мунай мыйзамсыз ташылып кетүүдө деген билдирүүсү жалган

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин депутаты Бейшеналы Нурдиновдун 2021-жылдын 9-мартында бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында Баткен облусунан Өзбекстанга жана Тажикстанга мунай заттарын мыйзамсыз ташып кетүү жөнүндө билдирүүсүнө байланыштуу, КР УКМК бул маалымат чындыкка дал келбестигин билдирет.

КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы токтомуна ылайык, Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары нефтини жана мунай заттарын экспорттоогоубактылуу тыюу салуу киргизилген.

Ушуга байланыштуу, КР УКМК чек ара кызматы менен биргеликте мунай заттарынын контрабандасына бөгөт коюу жана анын экспорттолушун көзөмөлдөө боюнча ишти жигердүү алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий