• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Эгерде Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, тергөө иштери улантылат

Коом 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Эгерде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун мүлкү чет өлкөдө табылса, анда сотко чейинки тергөө иштери улантылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 11-февралда Р.Матраимовду коррупция боюнча күнөөлүү деп табып, камакка алынган кыймылсыз мүлкү жокко чыгарылсын жана кызматташтык үчүн келишимде каралган 5-категорияга ылайык, айып түрүндө жаза колдонулсун деп өкүм чыгарган. Ошол эле учурда, сот жазалоо жана кызматташуу келишиминде каралбаган мүлктү конфискациялоо укугуна ээ эмес.

Көрсөтүлгөн кылмыш ишинен тышкары, А.Саймайтинин айткандары тууралуу УКМК ар кандай банктар аркылуу Кыргыз Республикасынан чыгып кетишине байланыштуу 700 миллион АКШ долларынан ашык кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Чет өлкөлөрдө кымбат баалуу кыймылсыз мүлктүн бар экендиги жөнүндө маалыматтарды Жалпыга маалымдоо каражаттарында бир нече жолу жарыялангандыгына байланыштуу, Р.Матраимовго таандык экендиги жана анын аталган каражаттарды А.Саймаитини чыгарып кетүүгө катыштыгы бар экендиги такталып, тергөө бул мүлктү аныктоону улантууда.

Тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Түркияга, Дубайга, Украинага жана Россияга юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык өтүнүчтөр жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Матраимовдун мүлкүнүн бар экендиги жөнүндө жоопторду алгандан кийин сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары улантылып, мүлкү камакка алынып, Р.Матраимовдун аракеттерине юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий