• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК эки чек арачынын аткезчилик иштерге тиешеси бар экендигин аныктады

Укук тартиби 0


Бишкек, 21.02.22. /Кабар/. УКМК эки чек арачынын аткезчилик иштерге тиешеси бар экендигин аныктады.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ведомство тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында аткезчилик иш аракеттердин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралар улантылып жатат.

Ушул жылдын 12-январынан 15-февралына чейинки аралыкта КРнын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 19 тоннадан ашык жүк кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул иштерге тиешеси бар делип КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнүн биринин аскер кызматкерлери прапорщик “И.Н.” жана сержант “Э.М.” экени аныкталган.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

КР УКМК мамлекеттик чек арада контрабандага каршы күрөшүү боюнча тиешелүү иштерди улантууда. Ошол эле учурда, алдын алуу иш-чараларынын алкагында, товарларды мыйзамсыз ташуу боюнча, жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, мыйзамсыз айыл чарба продукцияларын ташып келүүгө жол бербөө жана каналдарды токтотууга көмөктөшүү үчүн жергиликтүү калк арасында тиешелүү түшүндүрүү жана укуктук чаралар көрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий