• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Экстремисттик иш-аракети үчүн издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 07.02.18. /Кабар/. 2018-жылдын 2-февралында УКМК тарабынан ЭТУ колдоочуларын издөө жана кармоо боюнча өткөрүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, КМШ өлкөлөрүнүн биринде экстремисттик иш-аракеттери үчүн издөөдө жүрүп, КР мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган, 1978-ж.т. «Б.Д.» аттуу чет элдик жаран кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматы ылайык, «Б.Д.» ЭТУ эмиссарларынын буйруктарынын негизинде, куралдуу «жихад» уюштуруу жолу менен коомдук-саясий кырдаалды бузуу максатында, КМШ өлкөлөрүнүн биринин аймагында деструктивдик-саясий жана террористтик жашыруун топторду түзүү менен алектенип жүргөнү аныкталды.

Азыркы учурда ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий