• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

УКМК: Экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялаган 5 сайт, 8 медиа канал жана 5 аккаунт жабылды

Коом 0

Бишкек, 12.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын январь айынан бери Кыргызстанда экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялаган 5 сайт, 5 аккаунт жана 8 медиа канал жабылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын төрагасы маалымдады.

Депутат Аалы Карашев эмне үчүн ЖМКда экстремизм жана терроризмге каршы күрөш боюнча маалыматтар кескин азайып кеткендигине кызыкты. Ал кылмыштын мындай түрү азайдыбы же болбосо ЖКМда аз маалымат берилип жатабы деп сурады.

УКМКнын төрагасынын айтымында, күрөш чындыгында эле жүрүп жатат. “ШКУ линиясы аркылуу көп операциялар жүргүзүлүүдө. Биз макулдашкандан кийин гана маалымат бере алабыз. Операциялар жүргүзүлүүдө, керек болгон учурда ЖМКга маалымат беребиз”, - деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий