• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

УКМК: Эл аралык террордук уюмдун чет өлкөлүк мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) чет өлкөлүк мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 19-декабрда УКМК тарабынан Бишкек шаарынан Кыргызстандын паспортун фиктивдүү колдонгон, жихадчы иш-чараларга катыштыгы бар жана КР чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн делип 1981-жылы туулган чет өлкөнүн Н.Х., аттуу жараны кармалган.

Аталган факты сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

"Кармалган адам УКМК Тергөө камак жайына киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий