• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-августунда УКМК тарабынан уланып жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында эл аралык террористтик уюмдардун активдүү мүчөсү, 1983 -жылы туулган Кыргыз Республикасынын "А.А." аттуу жараны кармалды.

Такталган маалыматка ылайык, кармалган адам 2019-жылы Эл аралык террористтик уюмдун бандиттик түзүлүштөрүнүн тарабында куралдуу чыр-чатакка катышуу максатында Кыргыз Республикасынан чыгып кеткен жана куралдуу чыр-чатактар ​​зонасына өтүүнү пландаштырган.

Афганистандагы (Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүгө тыюу салынган) "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун лидерлеринен тапшырмасы менен Кыргызстанда террористтик мүнөздөгү иш-аракеттерди уюштурууну пландаштырган.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жана сот органдарынын чечими менен кармалган адам Баткен облусунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан “А.А” аттуу жарандын кылмыштуулукка байланышкан иштерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө комплекстүү иш-чаралар уланууда.

Пикир

Оставить комментарий