• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-июлунда УКМК органдары терроризмге каршы иш-чаралардын комплексин уюштуруу учурунда диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан “М.А.” аттуу чет мамлекеттердин биринин жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Аталган "М.А." "Жамаат Таухид ва Жихад" эл аралык террористтик уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр-чатактардын аймагынан Кыргызстанга келип, адамдарды өзүнө тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Пикир

Оставить комментарий