• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун эки мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун эки мүчөсү кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 19-октябрында УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун структураларын жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Ички иштер министрлиги менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан «Б.О.» жана «Э.К.» аттуу КР жарандары кармалды.

Маалым болгондой, кармалгандар 19-октябрь күнү эртең менен ишкерге кол салып, 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен.

Аларды кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил зат катары табылып алынды.

Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террористик уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен ЭТУ мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келишкен.

Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий