• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү джихадык идеологиядан баш тартышты

Коом 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү джихадык идеологиядан баш тартышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте учурда түрмөдө отурган террористтик жана экстремисттик уюмдарынын мүчөлөрүн экстремисттик идеологиядан арылтуу максатында активдүү иш-чараларын улантууда.

2020-жылдын 17-мартында джихадык идеологиядан эркинен ажыратылган 5 адам өз каалоосу менен баш тартышты:

- 2011-жылы Ош шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-266, 295, 242-беренелери боюнча 16 жылга эркинен ажыратылган 1975-ж.т. КР жараны М.Б.М.

- 2011-жылы Ош шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-б. П. 6,9,10,11,15; 233-беренесинин 1,2-б; 299-беренесинин 1,2-б п. 1,3; жана 125, 172, 168-беренелери боюнча 25 жылга эркинен ажыратылган 1988-ж.т. КР жараны А.Ф.К.

- 2014-жылы Ош шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 27-168, 299-2 1-б, 375-беренесинин 2-б боюнча 11 жылга эркиндигинен ажыратылган 1991-ж.т. КР жараны Ж.А.А.

- 1996-ж.т. КР жараны К.Ж.А. КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-4 беренесинин 1-б. боюнча 2016-жылы Ош шаардык соту тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган.

- 2017-жылы Ош шаардык соту тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 299-1, 226-4-беренелери боюнча 6 жылга эркиндигинен ажыратылган 1996-ж.т. КР жараны У.И.И.

Аталган адамдар бул идеологияны толугу менен терс мүнөздө экендигин моюндап, бул аракеттерин катачылык жана пайдасыз деп таанып, өлкөнүн калкын, айрыкча жаштарды диний-экстремисттик уюмдун идеологиясын терс таасиринен сак болууга жана анын ишине катышпоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий