• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Коом 0

Бишкек, 05.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, С.А. экстремисттик материалдарды Интернет аркылу коомдук тармактарга таратып, чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасын жасалма паспорттору менен камсыз кылып турган.

Ошондой эле, ыкчам издөө иш чараларынын жүрүшүндө террористтик мүнөздөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн жана С.А. берген жасалма документтер менен Кыргызстандын аймагында жашынып жүргөн Борбордук Азия мамлекетинин биринин жараны Б.Н. кармалды.

Азыркы убакта прокуратура органдары тарабынан кылмыш иши козголду.

Кармалган адамдар УКМК тергөө-камак жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий