• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-июнь /Кабар/. Кыргызстанда эл аралык террористик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш чаранын алкагында Кыргызстанда теракт жасаш үчүн Сирияда даярдык өтүп келген, эл аралык террористик уюмдун мүчөсү, Кыргызстандын жараны «Я.У.» кармалды.

Белгилүү болгондой «Я.У.» 2014-жылдан бери эл аралык террористик уюм тарабынан түптөлгөн кылмышкерлердин тобунда болгон. Ал диверсиялык -террордук даярдыктан өтүп, Сириядагы согуш аракеттеринде активдүү катышып келген.

Эл аралык терорристик уюмдун башчысынын көрсөтмөсү менен «Я.У.» Кыргызстандын аймагына кирип, жашыруун террористик уюм түзүп, анын жардамы менен террористик акцияларды пландап жүргөн.

УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш кодексинин 375-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына жеткирилди.

Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий