• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) мүчөсү кармалды, - деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда Бишкек шаарында контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү 1980-жылкы М.А., аттуу Жалал-абад облусунун тургуну кармалган.

Такталган маалыматтарга караганда, М.А., 2011-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-беренесинин 3-бөлүмү (эски редакцияда террористтик акт) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында издөөдө жүргөн.

"Кармалган адам Кыргызстандын аймагында террористтик акт жасоого аракет кылган ЭТУ мүчөсү болгон", - деп кошумчалашты комитеттен.

2011-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө Ош областында ЭТУ башчысы УКМК атайын күч кызматы тарабынан жок кылынып жана топтун башка мүчөлөрү кармалып ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылышкан. Бирок М.А. качып кетүүгө үлгүргөн.

2019-жылдын 19-октябрында М.А. карата Ош соту тарбынан КР УКМК Ош жана Ош облустук башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга чейинки камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралды.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий