• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Кыргызстанда эл аралык террористтик уюмунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын аягында эл аралык террористтик уюмдун катарына Сирия Араб Республикасы аркылуу өтүүнү пландаштырып Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетип, уюмдун тапшырмасы боюнча кайрадан Кыргызстанга келип, алардын пайдасына пропагандалык ишти уюштурган 1996-жылы туулган «Ю.М.» аттуу жаран кармалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий