• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун ячейкаларын жок кылууга багытталган контртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) активдүү мүчөсү, 1982-жылы туулган А.Ш.Б. аттуу КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, А.Ш.Б. эл аралык террористтик уюмдардын чет өлкөдөгү башчысынын көрсөтмөсү боюнча Сириядагы жаңжал чыккан аймакка жалдоочуларды тартуу максатында Интернет аркылуу эл аралык терросттик уюмдардын (ЭТУ) террористтик жана экстремисттик мүнөздөгү материалдарды жарыялоо менен алектенип иш алып барып жүргөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган тинтүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан ок атуучу курал, ок-дарылары менен байланыш каражаттар жана террористтик, экстремисттик мазмундагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттар табылып алынды.

Табылган далил буюмдар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган адам Баткен облустук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий