• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

УКМК: "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын м.а. пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.10.22. /Кабар/. "Элдик көзөмөл" коомдук бирикмесинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.О. аттуу жаран 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.

КР УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал үстүбүздөгү жылдын 3-октябрында пара талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында колго түшкөн.

Такталгандай, кармалган жаран кыймылдуу мүлктү сатып алууда жасалма карыз фактысы тууралуу маалыматты жашыргандыгы үчүн жергиликтүү соттордун төрагаларынын биринен 3600 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Эгер болбосо, анда А.О. бул маалыматты өлкөнүн жогорку жетекчилигине жеткиришин жана массалык маалымат каражаттарында жарыялоосу менен коркуткан.

Ошол эле учурда А.О. президенттин администрациясындагы байланыштары аркылуу анын кадыр-баркына шек келтирүүчү негиздер боюнча судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жүйөө келтирген.

Кармалган А.О., алардын кылмыштуу аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында, К.Т.А. аттуу жарандын кызыкчылыгына иш алып барып, жасалма ойдон чыгарылган арыз алган.

Белгилей кетсек, А.О. жана К.Т.А. мурда "зордуктоо" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий