• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

УКМК: "Эмгек" партиясы тарабынан добуш сатып алуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. "Эмгек" партиясы тарабынан добуш сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын УКМК ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси ("добуш сатып алуу") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун муниципалдык аймактык башкармалык 2- (МТУ-2) жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен "Эмгек" партиясынын өкүлү "K.E.A." кармалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган "К.Э.А." "Эмгек" партиясынан талапкер "Р.у.Т." көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1 мин сомдон акча каражатын таратып жаткан.

"К.Э.А." тинтүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сомдук акча каражатты, ошондой эле акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылып алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий