• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

УКМК «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайга Саймаитинин ишине байланыштуу расмий кат жөнөттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флайга Саймаитинин ишине байланыштуу расмий кат жөнөтүлдү. КР Улуттук коопсуздук боюгча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, катта «Азаттыктын» кыргыз кызматынын журналисттери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун Айеркен Саймаитинин иши боюнча сурак берүүсү үчүн тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган.

Кыргыз Республикасынын УКМК Интернет-ресурстарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында, «Азаттык» радиосунун журналисттери жарыялаган Кытай Эл республикасынын жараны А.Саймайитинин иш-аракетине жана ага берилген документтерге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш жүргүзүп жатат.

Ведомстволор аралык тергөө тобу анын ичинде коомдук резонанска айланып, депутаттык корпустун жана жарандык коомдун кызыгуусун жараткандыгын эске алуу менен ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Тергөө бир нече жолу «Азаттык» радиосунун журналисттерин суракка алууга жана алардын колундагы, анын ичинде А. Саймаитиден алынган материалдарды алууга аракет кылган. Ошентсе да, А. Саймаитинин ишмердүүлүгү жөнүндө журналисттик иликтөөнүн материалдарын даярдоого түздөн-түз катышкан журналисттер жана аны менен тыгыз байланышта болгондор азыркыга чейин суракка келише элек. Ошондой эле тергөөгө бүгүнкү күнгө чейин толук көлөмдө журналисттик иликтөөнүн убада кылынган материалдары берилген жок.

Буга байланыштуу КР УКМК тергөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жеткирип, ага укуктук баа берүүгө багытталган бардык зарыл тергөө иш-аракеттерин өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн, журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган расмий катты «Эркин Европа/Азаттык үналгысы» медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайга жиберди.

КР УКМК берилген материалдарды мыйзам чегинде тастыктоого жана журналисттерге карата болгон коркутууларга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирип, «Азаттык» радиосунун журналисттеринин коопсуздугун толук камсыз кылууга кепилдик берет.

Пикир

Оставить комментарий