• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

УКМК: Эркинен ажыратылган адам Бишкектин соода борборлорунда теракт болот деп билдирүү тараткан

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Эркинен ажыратылган адам Бишкектин соода борборлорунда теракт болот деп билдирүү тараткан. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 23-февралда болжол менен саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн «Саид» деп тааныштырган адам саат 16.00дө Бишкек шаарындагы соода борборлорунда «теракт» болот деген маалымат берген.

Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү (Терроризм актысын жасайм деп коркутуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

«Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө телефон чалган адам Бишкектин 1990-жылы туулган Т.С., аттуу жараны болгондугу аныкталган. Ал 2013-жылы Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) жана 167-беренеси (тоноо) боюнча 9 жылга эркинен ажыратылган. 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 170-228-беренелери (пара талап кылуу, терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо) боюнча 11 жылга соттолгон. 2017-жылы №3 түзөтүү колониясында отурган учрунда терроризм актысы тууралуу телефондон жалган маалымат берген. 2018-жылдын 16-ноябрынан тартып №1 түзөтүү колониясында (Молдовановка айылы) жазасын өтөп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Шектүү жаран айып изоляторунда отурганда аталган телефон чалууну кылгандыгын мойнуна алып, №1 түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам бул кылмышты жасаганын айткан.

Азыркы учурда тергөө жүрүп жатат

КР УКМК эскертет - террористтик акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинет. КР Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесине ылайык, террористтик акт жасоо коркунучун келтирген тарап 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Пикир

Оставить комментарий